Редакцияот 10.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2021-жылдын 10-ноябры № 7/11-28

Муниципалдык ишкананын штаттык расписаниесин, бюджетин, суу колдонуу жана суу кетирүү Эрежелеринин жобосун бекитүү жөнүндө

Муниципалдык ишкананын 2021-жылга карата бюджетин жана штаттык расписаниесин суу колдонуу жана суу кетирүү Эрежелеринин жобосу (Жобосу тиркелет) бекитүү талап кылынып жаткандыгы тууралуу айыл өкмөт башчысы Э. Керимкуловдун сунушун угуп жана талкуулап,

Кочкорбаев айылдык Кенешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү комбинаты” муниципалдык ишканасынын штаттык расписаниеси №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. «Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү комбинаты” муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата бюджети №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. «Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү комбинаты” муниципалдык ишканасынын суу колдонуу жана суу кетирүү Эрежелеринин жобосу бекитилсин. (Жобосу тиркелет)

4. Бул токтомду аткаруу «Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн көрктөндүрүү комбинаты” муниципалдык ишканасынын директоруна милдеттендирилет.

5. Бул токтомду көзөмөлдөө каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлөт.

 

Төрага

Э. Койчукеев