Редакцияот 15.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз III-сессиясы

 

2021-жылдын 15-июлу №3/2

Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2021-жылга түзүлгѳн иш планы жѳнүндѳ

Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2021-жылга карата түзүлгѳн иш планы жѳнүндѳ айылдык Кеңешинин тѳрагасы Шарабидинов Нурбектин маалыматын угуп жана талкуулап депутаттардын Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2021-жылга карата түзүлгѳн  иш  планы бекитилсин.

2. Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2021-жылга карата түзүлгѳн иш планын аткарууга алууну айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык Кеңештин тѳрагасы Н.Шарабидиновка тапшырылсын.

 

Төрага

Н. Шарабидинов