Редакцияот 21.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТАЛАА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз II-сессиясы

 

2021-жылдын 21-январы № 26/4

“Кочкор райондук Таза-Суу” муниципалдык ишканасы жөнүндө

“Кочкор райондук Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын уюштуручуларынын 2020-жылдын15-декабрындагы Протоколдук чечими жана муниципалдык ишкананын Уставынын VIII-бөлүмүнүн 8,2-пунктуна ылайык Талаа-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кочкор райондук Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын уюштуручуларынын 2020-жылдын15-декабрындагы Протоколдук чечими бекитилсин.

2. “Кочкор райондук Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын иш аракетин токтогууга жана Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Кочкор Таза-Суу” муниципалдык ишканасы болуп түзүлүшүнө макулдук берилсин.

3. “Кочкор райондук Таза-Суу”  муниципалдык ишканасынын иш аракетин токтотууга макулдук берүү жагы айыл  аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын

 

Төрага

Р. Эсекеев