Редакцияот 29.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын  III-сессиясы

 

2021-жылдын 29-июну № 3/2

2014-2020-жылдар аралыгында Кара-Суу айыл  аймагындагы  жерди кайра бөлүштүрүү фондунун аренда акысынын чогулушу жөнүндө

2014-2020-жылдар аралыгында Кара-Суу айыл аймагындагы жерди кайра бөлүштүрүү фондунун аренда акысынын чогулушу боюнча, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы К. Сапарбек уулунун маалыматын угуп, аренда акысынын чогулушун тактоо үчүн, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынан убактылуу комиссия түзүү боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Түзүлгөн убактылуу комиссия төмөндөгүдөй курамда бекитилсин:

1. Д.Жумакеримова- комиссиянын төрагасы.

2. М.Молдалиев – комиссиянын мүчөсү.

3. А.Сатаров- комиссиянын мүчөсү.

4. М.Медербеков- комиссиянын мүчөсү.

5. А.Рысалиева- комиссиянын мүчөсү.

6. Р.Молдокулов- комиссиянын мүчөсү.

7. Т.Сапун уулу- комиссиянын мүчөсү.

2.  Жогорудагы аренда акы боюнча маселени карап чыгып, бир айлык мөөнөттө маалымат берүү жагы, түзүлгөн убактылуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Төрага

Сапарбек уулу Кенжебек