Редакцияот 29.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын III-сессиясы

 

2021-жылдын 29-июну № 3/3

Кара-Суу айыл аймагындагы таштанды төгүүчү жерлерди аныктоо жөнүндө

Кара-Суу айыл аймагындагы таштанды төгүүчү жерлерди аныктоо боюнча, Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Садыковдун билдирүүсүн угуп Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистери таштанды төгүүчү жерлерди аныктоо боюнча иштерди алып барсын жана иш кагаздарын даярдасын.

2. Жогорудагы таштанды төгүүчү жерлерди аныктоо боюнча иштердин аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Садыковго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Сапарбек уулу Кенжебек