Редакцияот 26.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV-сессиясы

 

2021-жылдын 26-июлу № 4/2

Кара-Суу айыл аймагында чакан ГЭС куруу боюнча, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 14-февраль 2018-жылдагы №13/3 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

Кара-Суу айыл  аймагында чакан ГЭС куруу боюнча,   Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 14-февраль 2018-жылдагы №13/3 токтомун жокко чыгаруу  боюнча, Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Садыковдун билдирүүсүн угуп Кара-Суу айыл аймагынын  айылдык  Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 14-февраль 2018-жылдагы №13/3 токтомундагы шарттар, “Экоэнерго сервис” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан аткарылбагандыгына байланыштуу бир тараптуу жокко чыгарылсын.

2. Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 14-февраль 2018-жылдагы №13/3 токтому жокко чыккандыгы  боюнча маалыматты тиешелүү жактарга билдирүү жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Садыковго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Сапарбек уулу Кенжебек