Редакцияот 26.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV-сессиясы

 

2021-жылдын 26-июлу № 4/3

2014-2020-жылдар аралыгында Кара-Суу айыл аймагындагы жерди кайра бөлүштүрүү фондунун аренда акысынын чогулушу боюнча түзүлгөн комиссиясынын ишинин мөөнөтүн узартуу жөнүндө

2014-2020-жылдар аралыгында Кара-Суу айыл аймагындагы жерди кайра бөлүштүрүү фондунун аренда акысынын чогулушу боюнча түзүлгөн комиссия иликтөө ишинин аягына чыга электигине байланыштуу, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаты Д.Жумакеримованын маалыматын угуп, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-2020-жылдар аралыгында Кара-Суу айыл аймагындагы жерди кайра бөлүштүрүү фондунун аренда акысынын чогулушу боюнча түзүлгөн комиссия иликтөө ишинин аягына чыга электигине байланыштуу, комиссиянын иликтөө иши 2021-жылдын 25-август күнүнө чейин узартылсын.

 

Төрага

Сапарбек уулу Кенжебек