Редакцияот 06.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХХХХVII сессиясы

 

2020-жылдын 06-октябры № 57/1

Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.М.Табылдиевдин кызматы жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “өз алдынча башкаруужөнүндө” мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүмүнүн 8-пунктуна ылайык жана Кара-Суу айылдык Кенешинин  2020-жылдын 6-октябрындагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.М.Табылдиевге ишенбестик билдирүү жөнүндөгү кезексиз сессиянын протоколун жетекчиликке алып,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын “өз алдынча башкаруужөнүндө” мыйзамынын 49-беренесинин 7-бөлүмүнүн 8-пунктуна ылайык жана Республикада болуп жаткан саясий кырдаалга байланыштуу элдин талабын эске алып, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.М.Табылдиев айыл өкмөт башчылык  кызматына ишенбестик билдирилсин.

2. Кара-Суу айыл өкмөт башчысы С.М.Табылдиевди кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жагы Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.Абыкеевге сунушталсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырамын

 

Төрага

К. Жумабеков