Редакцияот 22.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХХХХХХII сессиясынын

 

2020-жылдын 22-декабры № 62/2

Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Орток айылына кичи футболдук аянтчаны үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен куруу жөнүндө

Кара-Суу айыл аймагынын  айыл өкмөтүнө караштуу Орток айылына кичи футболдук аянтча куруу боюнча үлүштүк (дем берүүчү) грант менен 2 996 920 (эки миллион тогузжүз токсон алты миң тогузжүз жыйырма) сомго куруу жөнүндөгү демилгелүү топтун лидери Аруунов Эрландын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өздүк салым үчүн 15% 449 600 (төртжүз кырк тогуз миң алтыжүз) сом айыл өкмөтүнүн бюджетинен акчалай түрүндө Орток айылына кичи футболдук аянтча куруу долбооруна 2021-жылдын бюджетинин  эсебинен которулуп берилсин.

2. Долбоор жактырылгандан кийин акча каражатын которуп берүү айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы башкы эсепчиге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айылдык кеңешинин бюджет,экономика-финансы жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын .

 

Төрага

М. Жусупов