Редакцияот 18.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Таш айылдык Кеңешинин VI -чакырылышынын кезектеги V -сессиясы

 

2021-жылдын 18-октябры № 1

“Көк-Таш айыл өкмөтүнүн 2021-жылга каралган статьялар боюнча өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”

Бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алардын талкуусун эске алып Көк-Таш айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көк-Таш айыл өкмөтүнө техника сатып алуу жана башка жумуштарды жүргүзүү максатында 3111-курулмаларды куруу статьясынан 36 900 000 (отуз алты миллион тогуз жүз миң) сом акча каражатынан 3112- машиналарды сатып алуу статьясына 30 000 000(отуз миллион )сом, 2211-сапар чыгымы үчүн 250 000(эки жүз элүү миң) сом, 2214-транспорт чыгымы үчүн 1 700 000 (бир миллион жети жүз миң) сом, 2215-ар түрдүү чыгымдар үчүн 2 250 000(эки миллион эки жүз элүү миң)сом, 2231-электр энергиясынын төлөмү үчүн 350 000(үч жүз элүү миң) сом, 2221-учурда кайра оңдоо үчүн 2 350 000(эки миллион үч жүз элүү миң)сом жылдырууга уруксат берилсин;

2. Аталган токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg  веб-сайтына жарыялансын;

3. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Көк-Таш айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин;

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Таш айылдык Кеңешинин “Бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик, муниципалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Х.Байназаровага жүктөлсүн.

 

Төрага

Б.Нышанов