Редакцияот 28.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Шекер айылдык аймактык Кеңешинин 9-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз №6-сессиясы

2021-жылдын 28-июну № 1

Айыл тургундарына турак жай куруу үчүн, жайыт жерлерди трансформациядан өткөрүү жөнүндө

Шекер айылындагы Ак-үй участкасындагы №590 контурда жайгашкан 6 га айыл чарба багытындагы жайыт жерлер категориясынан, турак жай куруу үчүн трансформациядан өткөрүү максатында токтом кылат

 

1.№ 590 контурда жайгашкан 6 га айыл чарба багытындагы жайыт жерлер категориясынан турак жай куруу үчүн трансформациядан өткөрүлсүн.

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К.Чомотоевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

К.Э.Иманалиев