Редакцияот 28.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ШЕКЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Шекер айылдык аймактык Кеңешинин 9-чакырылышынын депутаттарынын кезексиз №6-сессиясы

2021-жылдын 28-июну № 4

Жаңы конуштарга ат коюу жөнүндө

Шекер айыл өкмөтүнүн аймагындагы жаңы түшкөн конуштардагы көчөлөргө ат коюу боюнча жашоочулардын кайрылууларынын жана Кыргыз Республикасында 2020-жылы элди жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш чараларды ишке ашыруунун календардык иш чараларды аткаруунун негизинде токтом кылам

 

1. Шекер айылындагы жаңы конуш “Досалы Мерген №2” деп аталсын,чеги Садабаев Таланттан Ташыбекова Нурсияга чейин

2. Жаңы конушка “Досалы Мерген №2” атындагы көчө деп табличкалар номери менен илинсин.

3. Токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Төрага

К.Э.Иманалиев