Редакцияот 17.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЛБА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Калба айылдык Кенешинин VIII - чакырылышынын VI – сессиясы

 

2021-жылдын 17-ноябры № 23

Калба айыл аймагындагы Бал-Бал айылына ФАП куруу жөнүндө

Калба айыл кеңешинин күн тартибиндеги Калба айыл аймагына караштуу Бал-Бал айылына ФАП курууну талкуулап чыгып Калба айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Калба айыл аймагынын Бал-Бал айылында айыл тургундарын жана балдар эмдөөчү ийне саюучу имарат жок болгондогуна байланыштуу айылга ФАП курулуу жагынын сметасы түзүлүп проектиси өткөрүлсүн.

2. Бал-Бал айылында ФАП жок болгондугуна байланыштуу, сметасы түзүлүп долбоору даярдалсын.

3. Жогоруда көрсөтүлгөн долбоорлорго керектелүүчү Бал-Бал айылына 4 808 352 (төрт миллион сегиз жүз сегиз мин үч жүз элүү эки ) сом акча каражаты Талас райондук “Өнүгүү” фондунан суралсын.

4. Иш кагаздарынын бүтүрүү жагы Калба айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

5. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагын өзүмө калтырам

 

Төрага

Сатыбек уулу М