Редакцияот 16.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЛБА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Калба айылдык Кенешинин VIII - чакырылышынын VI – сессиясы

 

2021-жылдын 16-ноябры № 24

Калба айыл аймагындагы Калба айылына бала бакча куруу жөнүндө

Калба айыл аймагындагы Калба айылына бала бакча куруу боюнча маселени талкуулап чыгып Калба айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Калба айылында бала бакча жок болгондогуна байланыштуу айылга бала бакча курулуу жагынын сметасы түзүлүп проектиси өткөрүлсүн.

2. Жогоруда көрсөтүлгөн долбоорго керектелүүчү акча каражаты Талас райондук “Өнүгүү” фондунан суралсын.

3. Иш кагаздарын бүтүрүү жагы Калба айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

4. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагын өзүмө калтырам.

 

Төрага

Сатыбек уулу Максат