Редакцияот 12.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 12-январы № 1

“Бакай-Ата айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо” жөнүндө.

Жогоруда белгиленип өткөн Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Ленинполь айылдык Кенешинин 2022-жылдын 12- январындагы 1-кезксиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени 385 000 (Үч жүз сексен беш мин) сом акча каражатын төмөндөгү бөлүмдөр боюнча чыгымдоого уруксат берилсин.

Бакай-Ата айыл окмотунун турак-жай бөлүмүнө 385 000,0 сом болунсун.

Анын ичинен:

Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн “Лесмаг” участкасындагы скважинага суу насосун алууга – 120 000,0 сом.

Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн “УОС” участкасындагы скважинага суу насосун алууга – 235 000,0 сом.

Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн кочолорун жарыктандырууга таймерлерди алууга – 30 000,0 сом.

2. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Бакай-Ата финансы башкармалыгына сунуш кылынсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовго жүктөлсүн.

 

Төрага

К.Атантаев