Редакцияот 12.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2022-жылдын 12-январы № 6

“Бакай-Ата айыл өкмөтүнун элдик жыйынын өткөрүүгө, көрнөк-жарнак банерлерди чыгарууга жана “ Ардактуу алуулу” наамынын төш белгилерин алууга акча каражатын бөлүп берүү” жөнүндө.

Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн элдик жыйынын өткөрүүгө, көрнөк-жарнак банерлерди чыгарууга жана “ Ардактуу атуулу” наамынын төш белгилерин алуу  боюнча Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу каралып, Ленинполь  айылдык Кенешинин 2022-жылдын 12-январындагы 1-кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бакай-Ата айыл аймагынын элдик жыйынын өткөрүүгө, көрнөк-жарнак банерлерин чыгарууга жана “Ардактуу атуулу” наамынын төш белгилерин алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 60 000 (алтымыш миң) сом бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы  Р.Байдулатовго жүктөлсүн.

 

Төрага

К.Атантаев