Редакцияот 03.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 3-ноябры № 4

“Таштанды жайды жабууга кошумча акча каражатын бөлүп берүү” жөнүндө.

Бакай-Ата айыл аймагындагы эски таштанды жайды толугу менен жабуу максатында жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жагын карап чыгып, Ленинполь айылдык Кеңешинин 2021-жылдын 3-ноябрындагы 8-кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бакай-Ата айыл аймагындагы эски таштанды жайды толугу менен жабуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 175.000 (Жүз жетимиш беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Байдулатовго жүктөлсүн.

 

Төрага

К.Атантаев