Редакцияот 25.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЙДАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 25-августу № 38

Айыл өкмөт башчысынын автоунаасына акча каражат бөлүп берүү жөнүндө

Айдаралиев айыл Кенеши Айдаралиев айыл өкмөт башчысынын кайрылуусунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айдаралиев айыл аймагынын башчысынын автоунаасынын тетиктерин сатып алууга эркин каражаттан 25000 (жыйырма беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Акча каражатты бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Мураталиевага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономика бюджет жана агрардык маселелер боюнча бюджет комитеттин төрагасына милдеттендирилсин.

 

Төрайым

А. Токтогулова