Редакцияот 18.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАУВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чаувай айыл кеңешинин 7-чакырылыш кезексиз 3- сессиясы

2021-жылдын 18-апрели № 33/1

Чаувай айыл аймагындагы бала бакчалардын кайрылуусун кароо жөнүндө

Социалдык маселелер боюнча туруктуу  комиссиясынын төрагасынын билдирүүсүн угуп  жана ата-энелердин протоколдук  чечимин талкуулап, Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки  билим берүү жөнүндөгү мыйзамынын 6- бөлүм 24- беренесинин 3-  пунктуна негиз Чаувай айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тамак-аштын  кымбаттагандыгына байланыштуу ата-энелер тарабынан төлөнүүчү төлөм күнүнө 18 сомго 8 сом кошулуп, 26 сом өлчөмүндө алынсын.

2. Токтомду  мыйзамдуу  аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Токтомду мыйзамдуу  аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага:

Ж.Тешебаев