Редакцияот 23.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) IV сессиясы

 

2021-жылдын 10-августу № 11

Сүлүктү шаарынын жергиликтүү бюджетинин 6 айга аткарылышы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын башчысы А.П.Келдибековдун  Сүлүктү шаарынын                       2021-жылдын бюджетинин 6 айга аткарылышы жөнүндө маалыматын угуп жана талкулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»  Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде депутаттардын Сүлүктү шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Сүлүктү шаарынын 2021-жылдын бюджетинин 6 айга аткарылышы  боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын башчысы А.П.Келдибековдун маалыматы кабыл алынсын  
  2. Сүлүктү шаарынын 2021-жылга каралган бюджетинин 6 айга

-          киреше бөлүгү план боюнча  33928,2 миӊ сом  аткарылышы 37652,6 миӊ сом, 111%

-          Чыгаша бөлүгү план боюнча 45538,7 миӊ сом аткарылышы 30460,2 мин сом,  66,9% өлчөмүндө бекитилсин.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

 

Төрага

К. Мадамидов