Редакцияот 06.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СҮЛҮКТҮ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сүлүктү шаардык кеңешинин (жетинчи чакырылышы) кезексиз III сессиясы

 

2021-жылдын 6-июль № 7

Сүлүктү шаарындагы билим берүү мекемелерин 2021-2022 окуу жылына көмүр менен камсыз кылуу үчүн акча каражатын статьядан статьяга жылдырып берүү жөнүндө

 

     Сүлүктү шаардык мэриясынын 2021-жылдын 24-июнундагы №01-12/01-770 чыгыш сандагы шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу билим берүү мекемелерин кышка көмүр менен камсыз кылуу үчүн акча каражатын камсыз кылып берүү жөнүндөгү каты жөнүндө шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштарын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтуу өз алдынча башкаруу  жөнүндөгү”  Мыйзамынын  жана “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамдарына ылайык  Сүлүктү  шаардык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Сүлүктү шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик бөлүмүнүн 3111-“ имараттар жана курулмалалар” статьясыдан  2015,4 (эки миллион он беш миӊ төрт жүз ) сом акча каражаты шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2224 “Көмүр сатып алуу” статьясына жылдырууга макулдук берилсин
  2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Сүлүктү башкармалыгынын башчысы А.Келдибековго милдеттендирилсин
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы шаардык кеӊештин бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин 

 

Төрага

К. Мадамидов