Бишкек шаары2009-жылдын 5-ноябры № 1466-IV КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын экономика тармактары менен калкын электр энергиясы жана жаратылыш газы менен камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Окмотунун иши жонундо Кыргыз Республикасынын экономика тармактары менен калкын электрэнергиясы жана жаратылыш газы менен камсыз кылуу боюнча Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын биринчи ви-це-премьер-министри А.Ү.Жапаровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Кыр-гыз Республикасынын Жогорку Кењеши Өкмөт тарабынан республиканын эконо-мика тармактары менен калкынын электр энергиясына жана жаратылыш газынаболгон керектөөлөрүн кыйла толук камсыз кылуу боюнча максатка багыттал-ган иш жүргүзүлүп жаткандыгын белгилейт. Жогоруда баяндалганды эске алып, Кыргыз Республикасынын ЖогоркуКењеши токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын экономика тармактары менен калкын электрэнергиясы жана жаратылыш газы менен камсыз кылуу боюнча Кыргыз Респуб-ликасынын Өкмөтүнүн иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын биринчи ви-це-премьер-министри А.Ү.Жапаровдун маалыматы эске алынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - "Узтрансгаз" АКсы жөнөткөн жаратылыш газы үчүн карызды тездетиптындыруу жана республиканын ишканалары менен калкынын электр энергиясы-на жана жаратылыш газына болгон керектөөлөрүн зарыл көлөмдө камсыз кы-луу боюнча чараларды көрсүн; - калк негизги карызды 2009-жылдын 1-декабрына чейин тындырганучурда керектелген электр энергиясы жана жаратылыш газы үчүн ага салын-ган туумдарды жоюу жөнүндө маселени карасын. 3. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги: - "Кыргыз Республикасынын региондору электр энергиясын керектөөнүнбелгиленген лимиттеринен ашып кеткенде электр энергиясын өчүрүү график-терин колдонуунун тартиби жөнүндө" Убактылуу нускамага ылайык электрэнергиясын берүүнү 2009-жылдын 1-октябрынан тартып саат 24.00дөн саат05.00гө чейин чектөөлөрдүн графигин так аткарууну камсыз кылсын; - 2009-жылдын жыйынтыктары боюнча электр энергиясынын жоготууларын25 пайызга чейин кыскартуу боюнча тапшырманын бөлүштүрүүчү электр ком-панияларынын аткарышын камсыз кылсын; - узундугу 410 километр келген "Датка-Кемин ВЛ 500 кВ" жана узун-дугу 140 километр келген "Айгүлташ-Самат ВЛ 110 кВ жана кичи станция"электр берүүчү линияларын курууну тездетсин. 4. "Кыргызгаз" ААКсы: - керектелген жаратылыш газы үчүн каражаттарды толук жыйноо, деби-тордук карызды азайтуу боюнча чараларды көрсүн; - аны жеткирүүдө жаратылыш газынын ченемден ашык жоготууларын эњтөмөнкүгө жеткирсин, бул максатта зарыл болгон уюштуруучулук жана тех-никалык иш-чараларды жүргүзсүн. 5. "Кыргызнефтегаз" ААКсы республиканын аймагында көмүртек камты-ган кошумча жерлерди андан ары чалгындоо маселесине өзгөчө көњүл буруп,мунай жана жаратылыш газын казып алуу боюнча пландык көрсөткүчтөрдүнаткарылышын камсыз кылсын. 6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомдун аткарылышы жөнүндөмаалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине 2009-жылдын 1-декаб-рына карата берсин. 7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдала-нуу боюнча комитетине (Ю.А.Данилов) жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасы А.Тагаев