Бишкек шаары2009-жылдын 19-ноябры № 1508-IV КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ Кыргыздын чыгаан акыны Ж.Бөкөнбаевдин 100 жылдык юбилейин өткөрүү жөнүндө 2010-жылдын майында кыргыздын чыгаан акыны Жоомарт Бөкөнбаевдинтуулган күнүнөн бери 100 жыл толот. Акын, драматург, редактор жана ко-тормочу катары ал улуттук адабият менен журналистиканын өнүгүшүнө чоњсалым кошкон. Ж.Бөкөнбаевдин "Айчүрөк", "Токтогул" жана "Алтын кыз" пь-есалары кыргыз драматургиясынын классикасы болуп саналат. Анын поэмала-ры, ырлары, орус адабиятынын классиктеринин чыгармаларынын котормолоруКыргызстандын маданий мурасынын олуттуу бөлүгүн түзөт. Ж.Бөкөнбаевдин улуттук адабияттын, театр искусствосунун жана жур-налистикасынын өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымын, эл алдындагы чыгаанэмгегин эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: - Ж.Бөкөнбаевдин 100 жылдык юбилейин өткөрүү; - Ж.Бөкөнбаевдин тандалма чыгармаларынын жыйнагын бастырып чыга-руу; - Ж.Бөкөнбаевге арналган кыска метраждуу телефильм жаратуу; - Ж.Бөкөнбаевдин чыгармачылыгына арналган конференциялар мененокууларды уюштуруу меселелерин карасын. 2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комите-тине (Л.Ч.Сыдыкова) жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасынын орун басары Ч.Баекова