Бишкек шаары2009-жылдын 19-ноябры № 1503-IV КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты К.С.Исабековтарабынан демилге көтөрүлгөн "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесс-тик
кодексине өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мый-замынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын. 2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Конституциялык мыйзам-дар, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитети (З.К.Курма-нов) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун депутаттардын сын-пикир-лерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыксын жана экинчиокууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине киргизсин. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасынын орун басары Ч.Баекова