Бишкек шаары2009-жылдын 19-ноябры № 1502-IV КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕЊЕШИНИН ТОКТОМУ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшырма жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун (желек, герб,гимн) авторлорунун Кыргыз Республикасынын алдындагы өзгөчө эмгегин эскеалып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши токтом кылат: 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө: - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун авторлорунаКыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган социалдык жењилдиктер-ди, мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды белгилөө жөнүндөмаселени кароо; - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдорунун авторлоруна со-циалдык жењилдиктерди, мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсациялардыбелгилөө менен байланышкан чыгымдарды 2010-жылга Кыргыз Республикасынынреспубликалык бюджетинде кароо; - натыйжалар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине маа-лымдоо тапшырылсын. 2. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз РеспубликасынынЖогорку Кењешинин Төрагасынын орун басары К.С.Исабековго жүктөлсүн. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасынын орун басары Ч.Баекова