Редакцияот 29.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАВЛЯНОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Мавлянов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VII сессиясынын

2020-жылдын 29-декабры № 7/11

 Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн өнүгүшүнө салым кошкон атуулдарга “Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө

Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн өнүгүшүнө салым кошкон атуулдарга “Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндөгү Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы И.Ормонкулованын сунушун Мавлянов атындагы  айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз V сессиясы угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Бүткүл дүйнөгө таркалып кеткен «COVID-19» коронавирус оорусуна каршы күрөшүп, элдин ден-соолугун коргоп, кесиптик кызматтарын мыкты аткаргандыгы жана көп жылдан бери медицина тармагында үзүрлүү эмгектенгендиги үчүн №11 ҮБДТнын мед кызматкерлери:

· Жумашова Алмакан Разилбековна

· Мырзакматова Мейликан Акмырзаевна

· Карабаева Жылдыз Батыралиевна

Айыл аймагынын өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн

· Бекмуратов Кутманалы Сүйүналиевич

· Айталиев Ашыралы

· Адашканов Абдыкапар

· Дүйшөбаев Кубанычбек

· Усупов Жоробай

Жогорудагы аты аталган атуулдарга Кош-Дөбө айыл аймагынын “Ардактуу атуул”

наамы берилсин.

2. Аталган токтомду www.koshdobo.aksy.kg расмий сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары М.Айтмырзаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

З.Айтмаматов