Редакцияот 15.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 21-сессиясынын

2020-жылдын 15-декабры № 21/3

Таза Үчкоргон ишканасынын жыл ичинде жүргүзгөн иштери боюнча отчету жөнүндө

Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын  кезектеги  21-сессиясы

1.ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Таза Үчкоргон иш канасынын жыл ичинде жүргүзгөн иштери кемчилдиктери менен “канааттандырарлык” деп белгиленсин.

2. Кетирилген кемчилдиктерди өз убагында жоюу жагы “Таза Уч-Коргон” ишканасынын башчысына милдеттендирилсин.

3. Кетирилген кемчиликтердин аткарылышы боюнча  2021-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен кезектеги сессияда каралсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин соц.комитетинин торагасы Э. Кайыповго  жүктөлсүн.

5. Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.

6.Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы У.Ороскуловго жүктөлсүн.

7. Назаралиев атындагы  айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

Р.Турдиев