Редакцияот 09.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каргалык айылдык Кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХXХVIII сессиясынын

2021-жылдын 09-апрели № 15

Тогуз-Торо районунун өнүктүрүү фондусу” мекемесинин 2021-жылдын 26-февралындагы №8, 4- марттагы №10- катын кароо жөнүндө

Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Тогуз-Торо районунун өнүктүрүү фондусу” мекемесине Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасына элдин талабы боюнча ассенизатордук техникасын сатып алуу сунушталсын .

2. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.

3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб- сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык Кеңешинин «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишмердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге тапшырылсын.

 

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы

Р. Жунусакунов