Редакцияот 09.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каргалык айылдык Кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХXVIII сессиясынын

2021-жылдын 09-апрели № 19

Тогуз-Торо районунун мурдагы прокурору М.Конгайтиевдин 21.01.2021-жылдагы №11/2-2-42-21 –каршылык билдирүүсүн кароо жөнүндө

Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Ак Бермет” мектепке чейинки билим берүү уюму кайра жаңы уюштурулуп жана күбөлүгүндө көрсөтүлгөн даректен башка дарекке которулгандыгын эске алып, Каргалык айылдык Кеңешинин кезектеги ХХХV сессиясынын  №52 токтому күчүндө калтырылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго  милдеттендирилсин.

3. Бул токтом  Каргалык айыл  өкмөтүнүн  http://kargalyk.org.kg/ расмий веб- сайтына жарыялансын.

4.Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновго тапшырылсын.

 

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы

Р. Жунусакунов