Редакцияот 11.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХXV сессиясынын

2020-жылдын 11-декабры № 48

Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык К3 зоналдык коэффицентинин өлчөмдөрү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктунун негизинде Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагында К3 зоналдык коэффицентинин өлчөмүн бекитүү боюнча, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-беренесинин 4-пунктуна ылайык Каргалык айыл өкмөтүнүн   аймагында К3 зоналдык коэффиценти төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин:

-үй жанындагы короо жай багбанчылык жер участокторун пайдалангандык үчүн

К3=1 өлчөмүндө;

-Коммерциялык иш жүргүзгөн юридикалык жана физикалык жактарга айыл өкмөтүнүн борборунан тышкары бардык аймактарга К3=1,2 өлчөмүндө белгиленсин.

-Кен өнөр жай ишканалары, транспорт, курулуш, байланыш жана энергетика

ишканалары, геологиялык чалгындоо, долборлоо-иликтөө, чалгындоо жана изилдөө иштери, байланыш жана электр берүүлөрдүн аба линиясы, билим берүү мекемелери, саламаттыкты сактоо, маданият, балдардын-өспүрүмдөрдүн дене тарбия - спорт мекемелери, аба транспорт, коомдук тамактануу, мейманкана, банктар, күрөөканалар, акча алмаштыруу пункттары, офистер, автомай куйуучу станциялар, иштелип жаткан кендер, карьерлер, шахталар, разръездер, кум төгүүчү жайлар жана санитардык коргоо зоналары К3=1,2 өлчөмүндө белгиленсин.

2. Транспорттук ишканалардын административдик имараттары, айровокзалдар, аэропорт, автовокзалдар, автостанциялар жана чакан базарлар, соода базар комплекстери, мал, жем сатуучу базарлар К3=1,2 өлчөмүндө белгиленсин.

3.Жогоруда аты аталбай калган юридикалык жана физикалык жактар үчүн К3=1,2 өлчөмүндө белгиленсин.

4. Бул токтом 1-январь 2021-жылдан баштап күчүнө  кирет. 31-декабрь 2023-жылдан баштап күчүн жоготот.

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин алдындагы “Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча ” туруктуу комиссиясына  жүктөлсүн.

 

Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы:

Р.Жунусакунов