Редакцияот 11.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каргалык айылдык кеңешинин (XXVII чакырылышынын) кезектеги XXXV сессиясынын

2020-жылдын 11-декабры № 53

Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы КААБдын (коомдук алдын-алуу борбору) курамын бекитүү жөнүндө

Каргалык айыл өкмөтүнүн  башчысынын орун басары Ж.Тотуевдин  билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы КААБдын (коомдук алдын-алуу борбору) курамы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. КААБ менен биргеликте иш алып баруу Каргалык  айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.

4.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.

 

Төрага

Р. Жунусакунов