Редакцияот 03,06,2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

(XXIX-чакырылышынын)  кезексиз XXXVIII - сессиясы

2021-жылдын 03-июну № 2

Түндүк-Түштүк альтернативалык автомобиль жолунун үчүнчү фазасынын курулуш иштери жүрүп жаткандыктан 170 +700 км кум шагыл алууга (карьер) Саздын башы-Ысык-Суу чөлкөмүндөгү  жайыт  жер аянтына өзгөртүүлөрү менен  уруксаат берүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 32-беренесинин 4- пунктунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  “ Автомобиль жолдорун куруу реабилитациялоо жана реконструкциялоону инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу” жөнүндөгү 2004-жылдын 21-майындагы № 374 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Түндүк-Түштүк альтернативалык автожолунун долбоорундагы Балыкчы Жалал-Абад жолун реабилитациялоо долбоорун ишке ашырууда Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагынан Саздын башы-Ысык-Суу чөлкөмүндөгү жайыт  жер аянтынан жол куруучуларга  жарактуу материалдарды алуу үчүн карьер катары колдонууга жер аянтын бөлүп берүү максатында токтом  кылат :

1. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлигине Балыкчы Жалал-Абад Түндүк-Түштүк альтернативалык автожолунун  170+700 км жолдун оң тарабынан узуну 1005 м, туурасы картада көрсөтүлгөн чектен чыкпоого бардыгы 6,124 га жер аянты жарактуу материалдарды алуу үчүн карьер катары колдонууга 2 жыл 11 айлык   мөөнөткө Саздын башы-Ысык-Суу чөлкөмүндөгү жайыт  жер аянтына убактылуу пайдаланууга  уруксаат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникация министрлиги жана Биргелешип түзүлгөн мекеме (Совместное предприятия), “МОСТ- Групп Чайна Роуд энд Бридж” жол жана көпүрөлөрдү куруу корпорациясына жерди пайдалануудабардык санитардык экологиялык нормаларды сактоосу жана долбоор бүткөндө рекультивациялоону угол-откосун чыгаруу иштерин аткаруусу камсыз кылынсын.

3. Бул   токтомдун   аткарылышын   камсыз кылуу жагы  Чаек  айыл  өкмөтүнүн   башчысы  Р.Т. Алымкуловго  милдеттендирилсин.

 

Төрага

У.Жунушалиев.