Редакцияот 11.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЧА-КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VIII чакырылышынын кезексиз II сессиясынын

2021-жылдын 11-августу № II/I

 Ача-Кайыңды айылы жана Ат-Башы айылы ортосундагы жол кыймылынын баасын бекитүү жөнүндө

Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл элинин жана айыл элин тейлеген транспорт ээлеринин кайрылууларын карап жана талкуулап  Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз II сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл элинин жана айыл элин тейлеген транспорт ээлеринин кайрылуулары канааттандырылып  Ача-Кайынды айылы жана         Ат-Башы айылынын жол каттамынын жол акы баасы төмөндөгүдөй бекитилсин.

Ача-Кайынды айылы Ой-Терскен орто мектеби жана Ат-Башы айылы КСК имаратына чейинки аралык 1-класстан 4-класска чейинки окуучулар үчүн 10сомго;

-Ача-Кайынды айылы Ой-Терскен орто мектеби жана Ат-Башы айылы Береке базарына чейинки аралык бир адамга 15 сомго, андан өйдө Ат-Башы авто вокзалына чейинки аралыкка бир адамга 20сомго бекитилсин:

Бул токтомду жетекчиликке алып иш алып баруу жагы айыл элин тейлеген транспорт ээлерине милдеттендирилсин.

Бекитилген баа боюнча транспорт ээлери тарабынан одоно катачылыктар кетсе Ача-Кайынды -Ат-Башы жол каттамы боюнча маршруттук таксилерге линия ачылаары эскертилсин.

 

Төрага

М. Мааткабылов