Редакцияот 19.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз I сессиясы

2021-жылдын 19-августу №I /VII

Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  01.01.2021-жылга калдык болуп калган акча-каражатын  бөлүштүрүү жөнүндө

Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Барыктабасованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап  Ача-Кайынды айыл аймагынын  айылдык Кенешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектеги I сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т.

1.  Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн  01.01. 2021-жылга калдык болуп калган  акча каражаты төмөндөгү жумуштарды аткарууга  бөлүштүрүлсүн:

- айылдык Кенештин төрагасынын эмгек акысына-9,3 сом.

- социалдык чегерүүсүнө -1,6 сом

- А.Ажиева атындагы айылдык ФАПтын жылытуу системасын орнотуу боюнча  

өздүк салымына- 60,0 сом

- айылга комбайн алуу үчүн -1000,0 сом

- Ача-Кайыңды жайыт бөлүмүнүн жайыт акысы -19,1 сом 

- архитектуралык документтерди,техникалык көзөмөл акысына -60,0 сом

- айыл көчөлөрүнө шагыл төгүү-300,0 сом

- айыл көчөлөрүнө түн чырак жана оңдоо иштерине -127,8 сом

Баардыгы 1577,8  ( бир миллион беш  жүз жетимиш жети  миң сегиз жүз) сом.

2.  Атайын эсептеги ата-энелерден түшкөн акыдан  бала бакчага азык-түлүк алууга -19,3 сом

3.  2021-жылга ашкан акча-каражаттарга кошумча план бекитип берүү жагы райондук финансы башкармалыгынан суралсын.

4.  Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго жана айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Н.Барктабасовага тапшырылсын.

 

Төрагасы:

 

А.Мурзалиев