Редакцияот 27.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8 - шайланышынын 17 - кезексиз сессиясы 

 

2021-жылдын 27-июлу №1

Шырыкты өрөөнүндөгү «Ак-Таш» жергесине (тилкесине) чалгындоо иштери жөнүндө

Казыбек айыл аймагындагы Шырыкты коктусундагы Ак-Таш тилкесине чалгындоо иштерин «Кыргыз  Гаухар» изилдөөчүлөрү Мажиев Эрулан Талгартбекович жана Бактаев Темирбек Дүйшөнбековичке чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн Казыбек айылдык кеңеши токтом кылат:

1.    Шырыкты коктусундагы Ак-Таш тилкесине «Кыргыз  Гаухар» фирмасынын изилдөөчүлөрү Мажиев Эрулан Талгартбекович жана Бактаев Темирбек Дүйшөнбековичке чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат берилсин;

2.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге тапшырылсын.

 

Төрага

Д. Кайыпов