Редакцияот 27.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАЗЫБЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Казыбек айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8 - шайланышынын 17 - кезексиз сессиясы 

 

2021-жылдын 27-июлу №3

Казыбек ,Жаңы-Күч муниципалдык ишканасынын 2021-жыл үчүн элге кызмат көрсөтүү тарифтерин бекитүү жөнүндө

Казыбек Жаңы-Күч муниципалдык ишканасынын директору Кубатакун уулу Ниязбектин 2021-жыл үчүн элге кызмат көрсөтүү боюнча техникаларынын тарифин  элдик жыйында каралган тарифтери жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап, толуктоо киргизүү максатында  Казыбек айылдык кеңеши токтом кылат:

Казыбек Жаңы-Күч муниципалдык ишканасынын директору Кубатакун уулу Ниязбектин билдирүүсүнүн негизинде 2021-жыл үчүн элге кызмат көрсөтүү боюнча техникаларынын тарифи  төмөндөгүдөй тартипте бекитилсин.

 

1.Чөп чабуу-1га-1000 сом,10 литр май

- Чөп пресстөө-1 даана-8 сом,1 га-10 литр.

2.Ар бир кызмат пайдалануучу жери 5 километрден ашкан алыстыкта болсо техникаларга кызмат көрсөтүүдөн сырткары , ашык 5 литрден май куюп беришсин.

3  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Казыбек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Докоевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

Д. Кайыпов