Редакцияот 21.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXIV-сессиясы

2020-жылдын 21-декабры № 34/138

Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кара-Күнгөй айылындагы Аблес уулу Алайдар орто мектебинин түштүк тарабындагы бош жаткан жерге түрткү берүүчү гранттын эсебинен кичи футбол аянтчасын курууга өздүк салым кошуу жөнүндө

Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Кара-Күнгөй айылындагы Аблес уулу Алайдар орто мектебинин түштүк тарабындагы бош жаткан жерге түрткү берүүчү гранттын эсебинен футбол аянтчасын курууда өздүк салым кошуу жөнүндө Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамырбаевдин сунушун угуп жана талкулап чыгып Кош-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Өздүк салым үчүн 15 пайыздык 451 450 ( төрт жүз элүү бир миң төрт жүз элүү ) сомду айыл өкмөтүнүн бюджетинен нак акчалай түрүндө Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Күнгөй айылындагы Аблес уулу Алайдар орто мектебинин түштүк тарабындагы бош жаткан жерге кичи футбол аянтчасын куруу үчүн долбоорго каражат бөлүп берилсин, акча бөлүп берүү жана 2021-жылдын бюджетине кароо жагы ФЭБнүн башчысы С.Капаровго милдеттендирилсин.

2.    Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мамырбаевге тапшырылсын.

 

Төрага

С. Казиев