Редакцияот 19.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXIV-сессиясы

2021-жылдын 19-январы № 35/142

Айыл аймагынын 2021-жылга 1-январдан негизги жана атайын каражатта калган акча каражатын жумшоону бекитип берүү жөнүндө

Кош-Дөбө айыл аймагынын ФЭБнүн башчысы С.Капаровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Депутаттардын Кош-Дөбө  айыл аймактык кеңеши токтом кылат.

1.Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн  1-январь  2021-жылга негизги счетто калган 1126,8 миң сомдун жана атайын каражатта калган 110,2 миң сомдук бош калган акча каражатына түзүлгөн расчет боюнча өз убагында жумшалсын.

2.Бул токтомдун аткарылышына  көзөмөлдөө жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын башчысы А. Мамырбаевге жана ФЭБнүн  башчысы С.Капаровго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т.Соодонбеков