Редакцияот 10.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXVII-сессиясы

2021-жылдын 10-марты № 37/151

Жайыт пайдалануучулар  бирикмесинин  жазгы көчүп конуу тартибин киргизүү жөнүндө

Жайыт пайдалануучулар  бирикмесинин  2021-жылга карата жазгы көчүп конуу тартибин киргизүү жөнүндө  Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы  А.Мисир уулунун маалыматын угуп  Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши токтом кылат:

1.    Айыл аймагынын  жайытына 2021-жылга карата сырттан келген мал киргизилбесин.

2.    Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылы 1 (бир) баш топоз  үчүн жайыт акы  200с белгиленсин.

3.    Жайлоогочыкканмалдын санын тактоого айылдык кеңештин депутаттары  менен иш алып баруу жагы каралсын.

4.    Жайыт бирикмесинин   2021-жылга карата киреше бөлүгүнө чогултуучу жайыт  салыгы толугу менен өндүрүү жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы  А.Мисир уулуна  милдеттендирилсин.

5.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы А.Мамырбаевге тапшырылсын.                                                                                                                                                  

 

Төрага

И.Кенжебаев