Редакцияот 31.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Аксы районунун Кызыл-Туу  айылдык  кеңешинин  VIII чакырылышынын кезектеги  тогузунчу  сессиясынын

2022-жылдын 31-январы №9-5

 Ардактуу атуул наамын берүү жөнүндө

         Кызыл-Туу айылдык Кеңешинин социалдык,билим берүү,маданият,спорт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Шерматовдун КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгынын башчысы,полковник Абдулнасыр Исаевич Закировго Кызыл-Туу айыл аймагынын  “Ардактуу атуулу”  наамын берүү жонүндөгү корутундусун  угуп ,талкуулап,сессия

Т О К Т О М     К Ы Л А Т :

1.    Закиров Абдулнасыр Исаевичке Кызыл-Туу айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы берилсин.

2.    Бул токтомду расмий сайтка жарыялоо, Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы  кеңештин жооптуу катчысы Ж.Шайдиевага жүктөлсүн.

 

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага:

 

Б.Төрөбеков