Редакцияот 26.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СОН-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы

 

2021-жылдын 26-майы №2/2

Сон-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кенешинин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап депутаттардын Сон-Көл айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат.

Сон-Көл айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна талапкер болуп, Чекирбаев Эркинбек Замирбекович, Айманов Урматбек Муканбетович, Мамбеталиев Касымбек Муканбетович, Сулайманов Эркинбек Абакировичтер сунушталсын.

Сон-Көл айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордуна сунуш кылынган талапкерлердин документтерин карап, каттоодон өткөрүп берүү жагы Кочкор райондук аймактык шайлоо комиссиясына сунушталсын.

 

Төрага

Дүйшөнбек уулу А.