Редакцияот 11.01.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕНЕШ

ТОКТОМ

Депутаттардын Терек айылдык Кенешинин бешинчи чакырылышынын XXVI сессиясы

 

2021-жылдын 11-январы №XXVI/7

Терек айылынын «Ардактуу атуулу» наамын берүүжөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу мыйзамына ылайык Депутаттардын Терек айылдык Кенеши, токтом кылат:

1.    Терек айылынын социалдык – экономикалык өсүшүнө кошкон салымдары жана көп жылдык үзүрлүү эмгектери үчүн 23-февраль “Ата мекенди коргоо күнүнѳ” карата Терек айылынын тургундары Тайлаков Кароолбекке, Мыктыбеков Арпачыга, Эсеналиев Каныбек Алтымышовичке жана 8-март “Аялдардын эл аралык күнүнѳ” карата Сатыбалдиева Айтбүбү Мурзамамбетовага жана Каныбекова Айнур Каныбековнага Терек айылынын «Ардактуу атуулу» наамы берилсин.

2.    Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагын ѳзүмѳ калтырамын.

 

Төрайымы:

Ж. Ажиева