Редакцияот 09.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI сессиясы

2022-жылы 9-февраля №9

 Аукцион аркылуу убактылуу жеңил типтеги даарыкана курууга сатылуучу жер аянтынын баштапкы баасын белгилөө жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айылдык кеңешинин жер комитетинин төрагасы З.Осмоновтун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап  №6        Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуну жайгашкан жер аянтынын ичинен жнл типтеги  дарыкана курууга убактылуу пайдаланууга жер берүүгө баштапкы баасын белгилөө  максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.№6 ҮДТ жайгашкан жер участогуна жеңил типтеги даарыкана куруу үчүн убактылуу пайдаланууга берилүүчү 50 м2  жер аянтын  аукцион аркылуу сатууга баштапкы баасы 1 жылга  1200 сомго баалансын.

2. Ушул токтомдун негизинде жер аянтын мыйзам чегинде аукцион аркылуу убактылуу пайдаланууга мыйзам чегинде берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы,  Кара-Бак айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Осмоновго тапшырылсын.

 

Төрага:

 

Ж. Шадиманова