Редакцияот 01/10/2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 1-октябры № 18/VI-28

 “Таштанды ташуучу унаа сатып алууга каражат бөлүп берүү жөнүндө"

         Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевдин арткы жүктөлгөн таштанды ташуучу машинаны сатып алуу жана лизингге өз салымы   2 650,0 миң(эки миллион алты жүз элүү миң) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берүү зарылчылыгы тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Люксембург айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Таштанды ташуучу унаа сатып алуу үчүн лизингге өз салымы  2 650,0 миң(эки миллион алты жүз элүү миң) сом өлчөмүндө акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Люксембург айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Буйляшевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

К. Шайлдабеков