Редакцияот 17.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2021-жылдын 17-декабры № 23/VII-28

 "Бактылуу Баластан" балдар бакчасынын тамагына ата-эненин кошумча төлөмүн жогорулатуу жөнүндө "

           "Бактылуу Баластан" бала бакчасынын башчысы М.К.Жаманкулованын күнүнө бир бала үчүн 70(жетимиш) сом суммасында тамак-ашка ата-энелердин кошумча төлөмүн жогорулатуу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Люксембург айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бекитилсин:

- тамакка ата-энелердин кошумча төлөмү күнүнө бир бала үчүн 70(жетимиш) сом суммасында төлөнсүн.

2. Люксембург айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Абалбекова Р.С. "Балдар бакчасы" беренесинин чыгымдар сметасында 18 (он сегиз) сом эсебинде тамактанууга акча каражаты каралсын.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  Люксембург айылдык кеңештин укуктук тартип , социалдык жактан коргоо,маданият жана дин маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. 2014-жылдын 17-мартындагы  №57/7/26 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

 

Төрага

К. Шайлдабекова