Редакцияот 09.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

 Кара-Бак айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XI Сессиясы

2022-жылы 9-февралы №13

Кара-Бак айыл өкмөтүнүн  2022-жылга карата бюджетинин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кара-Бак айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Курбановтун билдирүүсүн эске алып, угуп жана талкуулап Кара-Бак айыл өкмөтүнүн  бюджетинин 2020-жылга карата аткарылышы, 2022-жылга карата бюджетинин, жана 2023-2024-жылдарга болжолдуу бекитүү максатында  Кара-Бак айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата такталган бюджетинин планы 26077,2 миң сомго, аткарылышы факт 28055,4 миң сом суммасында 107,6 % га же болбосо 1978,2 миң сомго ашыкча аткарылгандыгы бекитилсин.

2.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 23308,1 миң сом жана чыгаша бөлүгү 23308,1 миң сом суммасында бекитилсин.

3.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата болжолдуу бюджетинин жалпы киреше бөлүгү 22153,7 миң сом жана чыгаша бөлүгү 22153,7 миң сом суммасында бекитилсин.

 4.Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, 2024-жылга карата болжолдуу бюджетинин жалпы киреше бөлүгү 22312,7 миң сом жана чыгаша бөлүгү 22312,7 миң сом суммасында бекитилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасына милдеттендирилсин

 

Төрага:

 

Ж. Шадиманова