Редакцияот 09.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бешик- Жон айылдык кенешинин   VIII   чакырылышынын

кезектеги V сессиясынын

2021-жылдын 9-августу № 10

Бешик-Жон жана Жон айылдарындагы таза суу линиясын капиталдык ремонттон өткөрүү

 

Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги V сессиясы , Бешик-Жон айыл башчысы А.Курбановдун  Бешик-Жон жана Жон айылдарына кеткен  таза суу линиясын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндөгү долбоорун угуп жана талкуулап                                       

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

  1. Бешик-Жон жана Жон айылдарына кеткен  таза суу линияларын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндөгү  Бешик-Жон айыл башчысы А.Курбановдун долбоору жактырылсын.

2. Долбоордук грантка 670 000 сом акча каражаты Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бекитилген жергиликтүү бюджетинин эсебинен төлөнүп берилсин.

3. Коомчулук жана демөөрчүлөр тарабынан  долбоорго элдик салым катары жыйналган  акча каражаты “Бешик-Жон –тазалык” муниципалдык ишканасынын эсеби аркылуу 140,0 мин сом төлөнүп берилсин.

4. 13 866 333 мин.сому  Жалал- Абад  облусунун өнүктүрүү фондунан суралсын.

5. Долбоорду толугу менен аткарууга алуу  жагы айыл өкмөт башчысы А.Адишовко тапшырылсын.

6. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына  жарыялоо       

жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон  өткөрүп келүү жагы  жооптуу катчыга милдеттендирилсин.

 4.  Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

 5 Бул  токтомдун аткарылышын көзөмөлгө  алуу  жагы  “Бюджет,  өнөр  жай,  курулуш,  элге  керектүү  товарлар  жана  кызмат  көрсөтүү  боюнча”  туруктуу  комиссиясына  жүктөлсүн. 

                

 

Төрага

А. Чолпонбаев