Редакцияот 17.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бешик- Жон айылдык кенешинин   VIII   чакырылышынын

кезексиз XII сессиясынын

2022-жылдын 17-февралы № 3

 “Бешик-Жон айыл аймагында айыл чарба жерлерин жазгы талаа жумуштарына даярдоого, сугат суу каналдарын, арыктарын ремонттоо жана тазалоо жөнүндө”

       Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын  кезексиз XII сессиясы,Бешик-Жон айыл аймагында айыл чарба жерлерин жазгы талаа жумуштарына даярдоо максатында сугат суу каналдарын, арыктарын ремонттоо жана тазалоо жөнүндө “Тамчы-Булак” жана “Карача-Суу” СПАларынын башчыларынын билдирүсүн  угуп жана талкуулап

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.    Бешик-Жон айыл аймагындагы каналдарды жана чон арыктарды оңдоо, тазалоо иштерин аныктоо үчүн Бешик-Жон айыл өкмөтү тарабынан комиссия курамы түзүлсүн.

2.    Комиссиялык топтун корутундусунун негизинде ондоп түзөө иштерин жүргүзүүгө райондук өнүктүрүү фондуна долбоорго иш кагаздарын даярдоо “Тамчы-Булак” жана “Карача-Суу” СПАларынын башчыларынын  тапшырылсын.

3.    Смета түзүүгө керектелүүчү акча каражатын Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн бюджетинен төлөнүп берилсин.

4.    Бул  токтомду  Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн   WWW.beshikjon.kg   веб    сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо  жана   Жалал-Абад  областтык  юстиция башкармалыгынан  каттоодон өткөрүп  келүү жагы жооптуу  катчыга  милдеттендирилсин.

5.    Ушул токтом  жарыяланган  күндөн тартып күчүнө  кирсин.

6.       Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Агрардык азык-түлүк, экология жана жер маселелери  боюнча” туруктуу комитетине жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Чолпонбаев