Редакцияот 17.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Бешик- Жон айылдык кенешинин   VIII   чакырылышынын

кезексиз XII сессиясынын

2022-жылдын 17-февралы № 5

“Бешик-Жон айыл аймагынан Сары-Талаа жана Кара-Жыгач участкасындагы кайракы үлүш жерлерге шарттуу сугат суу чыгаруу жөнүндө”

       Бешик-Жон айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын  кезексиз XII сессиясы,  Бешик-Жон айыл аймагынын Кара-Жыгач участкасындагы  жалпы 0,30га шарттуу сугат суу чыгарууга  эски суу насостун ордун муниципалдык менчикке алуу жөнүндө жер адистин сөзүн  угуп жана талкуулап

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1.    Бешик-Жон айыл аймагынан Баймундуз айылынын Кара-Жыгач участкасындагы 0,30га жер аянты муниципалдык менчикке алынсын.

2.    Иш кагаздарын мыйзам чегинде даярдоо жагы айыл өкмөт башчысы А.Адишовко жүктөлсүн.

3.    Бул  токтомду  Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн   WWW.beshikjon.kg   веб    сайтына мамлекеттик тилде жарыялоо  жана   Жалал-Абад  областтык  юстиция башкармалыгынан  каттоодон өткөрүп  келүү жагы жооптуу  катчыга  милдеттендирилсин.

4.    Ушул токтом  жарыяланган  күндөн тартып күчүнө  кирсин.

5.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин “Агрардык азык-түлүк, экология жана жер маселелери  боюнча” туруктуу комитетине жүктөлсүн. 

 

Төрага

А. Чолпонбаев