Редакцияот 18.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ленин айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз   VI   отурумунун

2022-жылдын 18-январы № 6/3

Сопу-Коргон  айылынын тургуну А.Кудаяровдун Гагарин  айылындагы Гүлчө дарыясынын боюнан балык чарбасын уюштуруу боюнча 6 (алты) га жер берүү  жөнүндө

 

  Сопу-Коргон  айылынын тургуну А.Кудаяровдун Гагарин  айылындагы Гүлчө дарыясынын боюнан балык чарбасын уюштуруу боюнча 6(алты) га жер берүү жөнүндө арызын карап чыгып , Ленин айылдык Кеңешинин отуруму токтом кылат:

1.Сопу-Коргон  айылынын тургуну А.Кудаяров сураган Гагарин  айылындагы Гүлчө дарыясынын боюнан балык чарбасын уюштуруу жөнүндө 6 (алты) га  жерди тактап чыгып , мыйзам чегинде иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине жана айыл өкмөт башчысы Б.Субановго милдеттендирилсин.

2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо , архитектура, курулуш , транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.

 

 

 

Тѳрага:

Орозали уулу Таалайбек